1-класска электрондук каттоо башталды
Урматтуу ата-энелер!
Балаңыз 6-7 жашка чыгып, 1-класска даярданып жатабы?
Бишкек шаарындагы мектептке кирүү үчүн mektep.edu.gov.kg сайтындагы милдеттүү электрондук арызды толтуруп коюңуз.
——
15-февралдан 15-майга чейин
сайтка өтүнмөнү жашаган жериңиз боюнча бериңиз.
——
16-майдан 15-августка чейин
сайтка өтүнмөнү өз микроучастогуңуздун сыртында бериңиз.
——-
Катталуу үчүн төмөнкү документтер талап кылынат:
- ата-эненин паспорту
- баланын туулгандыгы тууралуу күбөлүгү
- жашаган жеринен маалым кат
- жеңилдиктер тууралуу маалымат (тиешелүү документтердин көчүрмөлөрү менен тастыкталууга тийиш)
Ар бир бала билимге укуктуу!
Комментарии