“Мыкты жигит” интеллектуалдык оюну
22-февралда мектебибизде окуучулардын “Калыс-Ордо” өзүн-өзү башкаруу уюму тарабынан уюштурулган “Мыкты жигит” аттуу акыл-ордо интеллектуалдык оюну болуп өттү.
Таймашууга 9-10-11-класстын мен деген жигиттери чыгышты. Иш-чара мектептин агайларын жана мырза кызматкерлерин Мекенди коргоочулар күнү менен куттуктоо менен башталды. Ал эми оюн үч бөлүктөн туруп, ар биринде утулган үч катышуучу оюндан чыгып жатты. Жыйынтыгында 11-класстын окуучусу жеңишке жетип, мыкты жигит экендигин далилдей алды.
Комментарии