№86 орто мектеби №86 жалпы орто билим берүүчү мектеби (Калыс-Ордо)

Турникет көпчүлүккө таасир берет

Назима,

11-класстын окуучусу,

2019-жыл.

Жаңылануу – өнүгүүнүн маанилүү этабы. Өзгөчө 2017-жыл №86 орто мектеби үчүн жемиштүү жыл болду десем жаңылышпайм. Турникет көпчүлүккө таасир беретЖеткилеңдиктин чеги жок. Эң мыкты мектептердин катарын толуктоо – бул максат эмес. Татыктуу билим берүү, заман талабына ылайык билимдүү жаштарды тарбиялоо, турмуштун эшигин ачып берүү – бул биздин мектептин максаты. Ал эми мектеп үчүн, окуучулар үчүн, мектеп администрациясы үчүн бул максаттарды жүзөгө ашырууга туура шарттар керек. Жакшы ой жакшы жемиш берет. Бактыга жараша, директордун чоң салымы менен бул шарттар да кагаз бетинен иш жүзүнө ашууда. Андай жетишкендиктердин бири – турникет, мен ошол жөнүндө сөз кылгым келип жатат.

Мектепке турникет 21-январда орнотулуп, 23-24-январда ишке кирди. Ар бир окуучуга өздүк чип берилип, кирип-чыгуунун үстүндө электрондук көзөмөл жүргүзүлө баштады. Окуучулар үчүн анчейин жаңылык болгон жок, себеби мындай турникет эски мектепте да орнотулуп, “сынактан” канааттандыраарлык деңгээлде өткөн эле. Бирок, бул тартипке кайрадан көнүү үчүн дагы убакыт талап кылат окшойт. Албетте, ар бир иштин оң-тескери жактары, аны менен катар жетишпестиктери бар. Тыгындардын пайда болуусу, турникеттердин аздыгы көйгөй жаратат. Бирок бара-бара бул кемчиликтерди да оң таасирин бергидей кылып толуктаса болот жана толукталууда. Кандай болсо да, жеке пикиримде, турникет окуучулардын өздүк сапаттарын калыптандыруу үчүн жардам берет деп ойлойм.

Турникет көпчүлүккө таасир берет

Кичинекей төрт бурчтук карточкага ээ болуу кандай артыкчылыктарды бериши мүмкүн?

  1. Жоопкерчилик. Чипти алып келүү, аны жоготпой колдонуу жана ар дайым ал үчүн жооп берүү. Бардык нерсе кичинекейден башталары шексиз. Айрыкча башталгыч класстары үчүн жоопкерчиликтин туруктуу калыптанышы үчүн жөнөкөй жана көндүм нерселер аркылуу бул сапаттын пайда болушуна чип жардам берет.
  2. Пунктуалдуулук. Бардыгын өз убагында кылуу мумкун,бирок дайыма эле колдон келе бербейт. Эгерде окуучүнун качан мектепке киргендиги тууралуу так маалымат берилип турса, кечигүүчүлөр үчүн чара көрүлө баштайт дагы, окуучу убагында аткарууну колго алса, мүмкүн экендиги айкын болот.
  3. Идея табуу. Чипти сактоонун жолдорун табуу менен окуучу жаңы идея ойлоп таба баштайт. Ал эми идея – азыркы мезгилдеги эң кымбат жана муктаж болгон нерсе. Мисалы, бирөө бейджикке салып алса, экинчиси сумкасына чаптап алат, үчүнчүсу куруна тагып алат ж.б.

Турникети деле жок жашасак болот. Ошондой эле азыркы техника өнүккөн жана жеткиликтүү болуп турган учурда дисциплинаны,тартипти бул ыкма менен да көзөмөлдөө ыңгайлуу. Албетте, бул жогоруда айтып өткөн сапаттардын аң-сезимде бар болгонунан эмне артык болсун? Бирок, эми чип бул артыкчылыктарды өнүктүрүүгө жардам береби же “кассандра тамгасына” айланабы?..

Турникет көпчүлүккө таасир берет