№86 орто мектеби №86 жалпы орто билим берүүчү мектеби (Калыс-Ордо)

1-класска электрондук каттоо

1-класска электрондук каттоонун үлгүсү

1-класска электрондук түрдө катталуу үчүн mektep.edu.gov.kg сайтына кириңиз.

1-класска электрондук каттоо

Сайт ачылгандан кийин “Падать заявку” (“Өтүнмө берүү”) деген баскычты басыңыз. Андан соң 4 кадамдан турган электрондук өтүнмөнү толтурууга туура келет.

1-КАДАМ.1-класска электрондук каттоо

  • Кандай жеңилдикке (льгота) ээ болсоңуз, ошону көрсөтөсүз. Эгер кайрылман болсоңуз же аскердик жумуш боюнча көчүп келген болсоңуз, анда муну далилдеген маалымкатыңыз болушу керек. Жеңилдигиңиз жок болсо, “Нет льготы” (“Жеңилдигим жок”) дегенди тандаңыз.

1-класска электрондук каттоо

  • Кийинкисинде Бишкек шаарын тандап, анын кайсы районунда тургандыгыңызды көрсөтүңүз.  1-класска электрондук каттоо 1-класска электрондук каттоо
  • Сиз көрсөткөн райондогу көчөлөр чыкканда, өзүңүздүн көчөңүздү басыңыз. Андан соң көчөңүздөгү участоктор чыгат, андан өзүңүздүкүн көрсөтүп басыңыз.

1-класска электрондук каттоо  1-класска электрондук каттоо

 

  • Атайын көрсөтүлгөн орундукту басып, жашаган жериңизди аныктаган маалымкаттын (справканын) сүрөтүн коюңуз. Аны алдын ала сканерден өткөрүп, же жакшылап, ак фондо сапаттуу кылып сүрөткө тартып, даярдап алган болушуңуз керек.

1-класска электрондук каттоо

  • Сүрөт коюлгандан кийин, алдыңызга чыгарып берген сизге жакын мектептердин бирөөсүн тандап басыңыз. “Далее” баскычын бассаңыз, 2-кадамы ачылат.
  • 1-класска электрондук каттоо

 

2-КАДАМ.

  • 1-класска электрондук каттоо
  • Мектепке 1-класска кире турган бала же кыз жөнүндө маалыматтар толтурулат. Анын толук аты-жөнү, жынысы, туулган датасы көрсөтүлгөндөн кийин анын Туулгандыгы тууралуу күбөлүгү жөнүндө маалымат берилет.
  •   1-класска электрондук каттоо
  • Туулгандыгы тууралуу күбөлүгүнүн Кыргызстандан же башка өлкөдөн берилгендиги көрсөтүлүп, анын атайын номери, аны кайсы мекеме бергендиги жана ал кайсы күнү берилгендиги жазылышы керек.
  • 1-класска электрондук каттоо
  • ошондон кийин Туулгандыгы тууралуу күбөлүктүн алдын ала даярдалган сүрөтү коюлат. “Далее” баскычын бассаңыз, 3-кадамы ачылат.1-класска электрондук каттоо

3-КАДАМ.1-класска электрондук каттоо

  • 3-кадамда өтүнмө берип жаткан ата-эне өзү тууралуу маалыматтарды берет. Атасы же апасы өзүнүн толук аты-жөнүн, баланын кимиси болорун көрсөтүп, паспортундагы маалыматтарды көрсөтөт. Паспорттун номерин, кайсы мекеме бергендигин, кайсы күнү берилгендигин жазып, атайын орундукка паспорттун эки трабынын сүрөттөрүн коюшу керек.
  • 1-класска электрондук каттоо 1-класска электрондук каттоо
  • Андан кийин ата-эне өзүнүн телефон номерин жана электрондук почтасын жазат. Кийин текшерип туруу үчүн сайтка кирүүгө керек боло тургандай пароль ойлоп табуу керек болот. Бул маалыматтар латын арибинде жазылат жана сөзсүз түрдө көрсөтүлүшү керек болгон маалыматтар. Анын астында “шарттарга макулмун” деген 2 белгини басып, “Далее” баскычын бассаңыз, 4-кадамы ачылат. 1-класска электрондук каттоо

 

4-КАДАМ.

  • 4-кадамда сиз көрсөткөн маалыматтар туура жазылып-жазылбагандыгын текшеришиңиз керек болот. Туура эмесм жерлерин “Измерить данные заявителя” баскычы аркылуу оңдоп түзөсөңүз болот. Баардыгы текшерилгенден кийин, “Подать заявку” (“Өтүнмө берүү”) баскычын басыңыз.1-класска электрондук каттоо 1-класска электрондук каттоо

Сиз берген маалыматтар 100% га чейин жүктөлгөнчө күтүп турусаңыз, ийгиликтүү берилгендиги же берилбегендиги көрсөтүлөт. Өтүнмөңүз кабыл алынса, сайт сизге гана тиешелүү өтүнмө номерин берет. 1-класска электрондук каттоо 1-класска электрондук каттоо

Сайт аркылуу өтүнмө берген ата-энелер аны мектептин директору кабыл алып же албагандыгын текшерип турушу керек. Бул тууралуу электрондук почтага кат келет.

 

Бул маалыматтар толтурулуп, сүрөтү жүктөлгөн соң, төмөнкү документтерди мектепке тапшырыңыз:

  1. Баланын туулгандыгы тууралуу күбөлүгү (оригинал жана копиясы);
  2. Ата-энесинин паспорту (оригинал жана копиясы);
  3. Жашаган жериңизден маалымкат (справка);
  4. Ф-26 деген медициналык маалымкаттын өзү;
  5. Ф-63 деген медициналык маалымкаттын өзү;
  6. Кабыл алуу убагындагы баланын ден соолугунун абалы жөнүндөгү маалымкат;
  7. Баланын 3*4 өлчөмүндөгү сүрөтү.