№86 орто мектеби №86 жалпы орто билим берүүчү мектеби (Калыс-Ордо)

Коомдук угуулар

Коомдук угуулар

Коомдук угуулар – бул мектеп, жергиликтүү башкаруу органдары, калк жана билим берүү процессинин  катышуучуларынын ортосунда натыйжалуу маалымат алмашуу. Негизинен мектепти өнүктүрүү планын талкуулоо, мектептин жетишкендиктери жана муктаждыктары жөнөндө отчёт, бюджет түзүү, стратегиялык маселелер боюнча маалымат алуу үчүн, ошондой эле мектепте кошумча кызмат  уюштуруу, аз камсыз болгон уй-булөлөрдүн балдары үчүн билим берүүнүн жеткиликтүүлүгү, биргелешкен  акцияларды жана иш-чараларды өнүктүрүү ж.б. ушул сыяктуу айкын милдеттер боюнча пикирлерди чогултуу жана ата-энелердин пикирин иликтөө үчүн жүргүзүлөт.

Коомдук угуулардын милдеттери:

Коомдук угуулар мектеп менен коомчулуктун өз ара аракеттенүүсүнүн натыйжалуу аспабы болуп санлып, ар ар кандай максаттарга жана милдеттерге жетүү үчүн колдонулушу мүмкүн.

-мектептин ата-энелер жана коомчулук менен үзгүлтүксүз алакасын түзүү;

-мектеп турмушунун эң маанилүү маселелери боюнча билим берүү  процессинин катышуучуларынын пикирлерин иликтөө;

-мектепти өнүктүрүү планы жана анын артыкчылыктарын көрсөтүү;

-мектеп бюджетинин аткарылышы жөнүндө отчет жана кийинки жылга  бюджеттик артыкчылыктарды бекитүү;

-мектепти каржылоодогу иштин иш жүзүндөгү абалын коомчулукка маалымдоо;

-коомчулуктун көңүлүн мектепке буруу жана бирликтештерге ээ болуу;

[/tab]

44-1-берене. Мамлекеттик билим берүү уюмдары тарабынан акча каражаттарынын чыгымдалышы жөнүндө отчетту коомдук угуу

Мамлекеттик билим берүү уюмдары отчеттон кийинки жылдын 1-августуна чейин жыл сайын Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына карама-каршы келбеген булактардан алынган бюджеттен тышкары каражаттардын чыгымдалышы жөнүндө коомдук угууларды өткөрүүгө милдеттүү.

Билим берүү уюмдарынын билим берүү процессинин катышуучулары, жарандык сектордун өкүлдөрү жана бардык кызыкдар адамдар коомдук угууларга катыша алышат.

(КР 2011-жылдын 29-декабрындагы № 255 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

[/tab]

Билим берүү жөнүндө" КРнын мыйзамы

 

 

 

№86 ОРТО МЕКТЕБИНИН АТА-ЭНЕЛЕР МЕНЕН ИШ АЛЫП БАРУУСУНУН ЖЫЛДЫК  ПЛАНЫ 

 №  Аткарылуучу иш чаралар  Мөөнөтү  Жооптуулар  Кайда каралат  Ресурстар  Күтүлүүчү
натыйжа
 1 Ата-Энелер комитетин түзүү жана иш чараларды иштеп чыгуу.  Сентябрь  Мектеп администрациясы.  Ата-Энелер чогулушунда.  Иш чаралар.  Ата-Энелер комитети түзүлөт.
Иш чара иштелип чыгылат.
 2  Ата-Энелер менен үч тараптуу келишимдерди түзүү.  Сентябрь  Мектеп администрациясы
Класс жетекчилер
 Класс  жетекчилер бирикмеси  Үч тараптуу келишим  Ата-Энелер менен келишим түзүлөт
 3 Ата-Энелер үчүн “ачык эшик” жумалыгын жарыялоо.  Октябрь Мектеп администрациясы.
предметтик мугалимдер.
 метод кеңешме  Ачык сааттардын
иштелмелери
 Ата эне мектептин байланышы бекемделет.
 4  Аз камсыз болгон үй-бүлөдөгү окуучуларды колдоо  дайыма  Ата-Энелер комитети.
кам көрүү кеңеши.
 өндүрүштүк кеңешме  Аз камсыз болгон үй бүлөдөгү
балдардын тизмеси
 Кам көрүү кеңешинин жардамы менен материалдык жардам көрсөтүлөт.
 5 Ата-Энелер арасында кароо сынак “менин балам окуган окуу классы” Ата-Энелер менен менен бирдикте спорттук иш чараларды өткөрүү жана демөөрчүлүк кылуу.  апрель  мектеп администрациясы.
Ата-Энелер комитети.
 Ондүрүштүк кеңешмеде  Спорттук иш чаралардын иштелмелери.  Ата эне мектептин байланышы бекемделет. Демөөрчүлөр көбөйөт.
 6 “Билим  берүү денгээли канааттандырабы?” Ата-Энелер менен анкета жүргүзүү.  май  Мектеп администрациясы
Ата -Энелер комитети
 ондүрүштүк кеңешмеде  анкета  Ата-Энелердин  көз караштары аныкталат.Жыйынтык чыгарылат.
 7 Ата- Энелер менен бирдикте түнкү рейдке чыгуу.  дайыма  Мектеп администрациясы.
Ата-Энелер комитети.
 ондүрүштүк кеңешмеде.  Түнкү рейд графиги  График боюнча рейд жүргүзүлөт
 8  Ата- Энелер арасында ар түрдүү темада лекцияларды өтүп туруу  Чогулуш сайын  Организаттор класс жетекчилер  класс жетекчилер бирикмеси  Даярдалган материалдар Чогулуш сайын ар түрдүүлекция, докладдар окулат.
 9 Окуучулардын эс алуусун уюштуруу  Каникул учурунда Ата-Энелер комитети  Класс жетекчилер бирикмеси  Эс алууга чыгаруу  Каникул учурунда окуучулардын убактылары туура пайдаланылат.
 10  Камкорчулар кеңешинин чогулушу  Ар бир чейректин 2- жумасы  Мектеп директору.
Камкөрүү кеңешинин төрагасы
 кам көрүү кеңешинин чогулушунда  Кам көрүү кеңешинин отчёттору, маалыматтар  Ата- Энелердин мектептинжашоосу менен тыгыз байланышта болот.

[/tab][/tabs]

[/box]