№86 орто мектеби №86 жалпы орто билим берүүчү мектеби (Калыс-Ордо)

Мектеп

Мектептин директору:                Көлбаева Саламат Арзыгуловна

Мектептин дареги:                       Бишкек шаары, Биринчи май районундагы Калыс-Ордо жаңы конушу, 110-көчө, №1.

Телефону:                                         +996 700 74 93 77

Психологиялык-педагогикалык темасы:

«Окуу тарбия процессинде өз алдынча иштердин түрүн пайдалануу аркылуу, жалпы билиминин, билгичтигинин, көндүмдөрүнүн калыптанышынын негизинде окуучунун таанып-билүү активдүүлүгүн өнүктүрүү».Мектеп

Мектеп 2006-жылдын 25 -январында ачылган. Мектепте окутуу Билим берүү жана илим министрлигинин бекиткен окуу планынын негизинде жүргүзүлөт. 2017-жылы 1-сентябрында жаңы имарат ишке берилди.

[/tab]

2018-2019-окуу жылы үчүн максаттар, милдеттер:

1.Негизги ишти мектептин педагогикалык-психологиялык темасы «Окуу тарбия процессинде өз алдынча иштердин түрүн пайдалануу аркылуу, жалпы билиминин, билгичтигинин, көндүмдөрүнүн калыптанышынын негизинде окуучунун таанып-билуу активдүүлүгүн өнүктүрүү» 2020-жылга чейин мектеп коомчулуктун активдүү катышуусу менен негизги жыйынтыгы эффективдүү, максаттуу болуусун көздөйт.

2.Мектептин статустук макамын алуу максатында мектептин багытын табигый-математикалык багыттагы статустук мектеп-гимназия макамына жетишүү. Анын негизиги көрсөткүчү катары математикалык, биогеографиялык, физико-информатикалык багыттагы класстарды уюштуруу. Атайын класстарга кошумча сабактарды киргизүү менен окуучулардын илимий түшүнүктөрүн арттыруу.

3.Баалоо, окуучулардын өз билимин өзү баалоо, мониторинг, диагностика боюнча кесиптик компоненттүүлгүн жогорулатуу максатында семинар, консультация, өз билимин өркүндөтүү окууларын уюштуруу менен максатка жетүүнү көздөйт.
• Баалоо системасын оптималдаштырууда: окуучулардын жана мугалимдердин ишмердүүлүгүн жеткиликтүү, объективдүү баалоодо баллдык, рейтингдик, зачеттук жолдор менен ишке ашыруу.

4.Мугалимдердин жана окуучулардын агартуучулук потенциалын жогорулатуу максатында төмөндөгүлөрдү негиз кылат:

  • Илимий-изилдөөчүлүк, өз билимин өркүндөтүүчүлүк ишмердүүлүгүнө окуучуларды да, мугалимдерди да тартуу.
  •  Мугалимдердин өз билимин өркүндөтүүнүн үстүндө иштөөсүн, аттестациядан өтүүдө ар кандай практикалык ишмердүүлүгүн көрсөтүүсүн толук кандуу ишке ашыруу үчүн бардык мугалимдерге квалификациялык категориясына карабай бардыгына бирдей шартта ,алардын муктаждыгын эске алуу менен расписаниени, методикалык күндү бирдей талапта уюштуруп берүүгө жетишүү.
  • Окутуунун мотивациясын көтөрүү, агартуучулук процессинде чыгармачыл жана өз алдынча ишмердүүлүгүн стимулдаштыруу, эмгегин илимий уюштуруу.
  • Окутуу ишмердүүлүгүн жаңы технологиялардын коштоосунда ишке ашырууга жетишүү.
  • Окутуунун практикалык баrытына өтө терең көңүл буруу.

5.Окуучунун эркин, жоопкерчиликтүү, чыгармачыл инсан болуп калыптанышына жана тарбияланышына төмөндөгүлөр негиз болот:
• Окуучунун жана анын ата-энесинин суроо-талаптарынын негизинде класстан тышкаркы иштерди, ийримдерди уюштуруу.
• Башталгыч класстарда психологиялык-диагностикалык иштерди активдештирүү.
• 9 -11- класстарда профориентациялык иштерди күчөтүү.
• Окуучуну өзүн коргоого, ар кандай жат адаттардан алыс болууга, ден-соолугу чың болушу үчүн күрөшүүгө даярдоо.
• Ата-энелердин шаардык медициналык-психологиялык-педагогикалык кызматтар менен, коомдук уюмдар менен тыгыз байланышта болуусуна жетишүү.

6.Алдыга коюлган максаттардын, проблемалардын чечилишин көздөгөн маалыматтарды жыйноо, жаңы проrраммаларды иштеп чыгуу.

[/tab]

Күбөлүк

МектепМектеп

 

Мектептин уставы

 

[/tab][/tabs]