“Мыкты сабак даярдоочу бөлмө 2018” кароо сынагынын жыйынтыгы
Жаңы окуу жылынынын деми менен окуучулардын үйдө тапшырма аткаруусуна шарт түзүлүшү керектигин ата-нелерге түшүндүрүп жеткирүү максатында атайын “Мыкты сабак даярдоочу бөлмө 2018” аттуу кароо сынагы жарыяланган эле. Ошол себептен 12-декабрда мектепте сынактын жыйынтыгы боюнча атайын ата-энелердин катышуусундагы иш-чара өткөрүлдү.
Иш-чаранын башында окуучуларыбыз чакан концерттик программасы менен өз өнөрлөрүн көрсөтүштү. Конок катары келген Бишкек шаарынын Биринчи-Май райондук билим берүү борборунун директору Алия Алмазбековна бул иштин жакшы саамалык экендигине күбө болду. Ал өз сөзүндө Бишкек шаарына караштуу 47 конуштун ичинен 86-мектеп эң алдыда экендигин баса белгилеп, мындай өзгөчөлүккө жетиштирген мугалимдер коллективине жана ата-энелерге ыраазылыгын билдирди. Чыңгыз Айтматовдун 90 жылдыгына карата иш-чараларды жогорку деңгээлде өткөргөндүгү, Ч.Айтматов кабинетин мыкты уштуруп, окуучулардын жазуучунун чыгармалары менен терең таанышуусуна шарт түзүп бергендиги үчүн мектептин педагогикалык коллективине Бишкек шаардык кеңешинин ыраазычылык каты окулду. Мыкты Ч.Айтматов кабинети үчүн ардак грамота, ошондой эле китепканабызга Ч.Айтматовдун 10 томдук жаңы чыккан китептери жана “Жаш таланттын” катышуучулары үчүн принтер белекке берилди.
Андан соң “Академия роста” уюмунун өкүлү сөз алып, менталдык арифметика боюнча биздин окуучулар олимпиадаларда жеңип, Сингапурга, Түркияга барууга мүмкүнчүлүк алып келе жатышкандыгын дагы бир жолу эске салды жана ошондой эле жакында Өзбекстанга да барууга мүмкүнчүлүк болорун айтты. Окуучуларыбыз Жаныш уулу Нурдөөлөт, Уланбек кызы Айжамал, Уланбек уулу Байбол, Орозбаева Рахат жана Мыктыбек кызы Маликага сертификаттар ыйгарылды. Бул арада балдар ыр ырдап жатып татаал эсептерди чыгара биле тургандай өнөрлөрүн да көрсөтө кетишти.
Эң кызыгы, 6-класстын окуучусу Кайкиева Сезимдин “Менин атам” деген чыгарманы мыкты аткарып, ырдап берүүсү жалпыга жакты. Алия Алмазбековна аны мэриянын балатысына чакырса, бул ырды жазган автор да Сезимдин талантына ийгилик каалап, өзү жазган китептерин белек кылды.
Кароо сынакты уюштурууга ата-энелердин биринин мектеп үчүн арнап, акчалай каражат берүүсү себеп болгон. Кароо сынакка катышуу боюнча жалпы 15 үйдөн арыз келген. Атайын комиссия үйлөрдү кыдырып карап, 9 үйдү тандады. СМС түрүндө добуш берүү менен жыйынтык чыгарылып, жеңүүчүлөр аныкталды. Ошентип, 1-орунга 5-е классынын окуучусу Исакбаев А., 2-орунга 5-б классынын окуучусу Эсеналиева А., 3-орунга 4-е классынын окуучусу Кабизов Н. татыктуу деп табылып, ата-энелери менен чакырылды жана сыйлыктар берилди.
Комментарии